Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 25-26-майларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
25-26 майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Пикир
Оставить комментарий