• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Астанада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетикалык кызматташтыгы талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Астана шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери маанилүү маселелерди талкуулашууда. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч өлкөнүн энергетика министрлеринин жолугушуусунда аймактагы суу-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкка багытталган маселелер каралууда.

Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен трансчегаралык гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Камбарота-1 ГЭСи долбоору жана суу-энергетикалык ресурстар тармагындагы байланыштарды чыңдоо, күз-кыш мезгилинде кызматташуу, электр энергиясын жана башка ресурстарды өз ара жеткирүү маселелери талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий