• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

25-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 25-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +32...+37, Ысык-Көл, Нарын облусунда +29...+34 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +37...+39 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий