• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институту 2021-жылы 183 объектиде инженердик текшерүү иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Мамкурулуш агенттигинни Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2021-жылы инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, имараттар менен курулмалардын техникалык абалы жана жер титирөөгө туруктуулугу боюнча 183 техникалык корутунду берди.

Мамкурулуштун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле отчеттук мезгилде долбоорлоого 56 атайын техникалык шарттар аткарылган.

Белгилеп кетчү нерсе, институттун лабораториялык-өндүрүштүк корпустагы жабдууларды калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдү.

Мындан тышкары, учурда “Юнисон Групп” менен биргеликте Эл аралык жумушчу топ түзүлүп, "От кана орнотмолору" КР КЧ 41-03: 2021 жана "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" КР КЭ 41-105: 2021 иштеп чыгуу боюнча иштер башталды.

Пикир

Оставить комментарий