• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Пандемия учурунда 2 миңге жакын коомдук тамактануу жайы ишин токтотту

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Пандемия учурунда 2 миңге жакын коомдук тамактануу жайы ишин токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Рахманов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада 3 миңден ашык коомдук тамактануу жай бар.

“Пандемия учурунда апрель айында 944 мекеме жабылган. Май айында 959. Июнь айынан баштап алардын иши кайра жанданды, 100ү гана жабылды. Белгилей кетким келет, бул субъектилер өз иштерин толук токтоткон жок, алар экономикалык кырдаал жөнгө салынганга чейин гана токтоп турушат. Ал эми бул тенденция бардык чарбалык субъекттерге жайылды”, - деп түшүндүрдү Рахманов.

Пикир

Оставить комментарий