• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоолорго кар түшөт. 16-октябрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Алсак, эртең, 10-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-октябрда күндүз жана 11-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-октябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

12-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

12-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 13-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-октябрда күндүз жана 14-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-октябрда күндүз жана 12-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-октябрда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий