25-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-июлда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын табы Чүй облусунда күндүз +35…40, Таласта +33…38, Ысык-Көл облусунда +27...32, Нарында +30…35 градуска чейин ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынба абанын температурасы 36…41 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, +38…40 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий