• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө аймагында 150 миң 518 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-май күнү өлкө боюнча 36 960 чарчы метр имараттын ичи, 113 558 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 150 518 чарчы метр аймак жана 418 083 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 191 куткаруучу тартылган.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий