26-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас облусунда -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көл облусунда -1…+4, Нарын облусунда 0…-5 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы -1…+1 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий