Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3...+8, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл облусунда +5...+10 жана Нарын облусундада +0...+5 градус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында абанын табы +6...+8 градуска жетет.
Пикир
Оставить комментарий