• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

27-июнда Бишкектин Красный строитель конушунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. 27-июнда Бишкектин Красный строитель конушунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитепттен билдиришкендей, суу конуштун аймагында саат 10:00дөн 18:00гө чейин болбойт.

Бул убакта Чоң-Курган көчөсүндөгү Д-300 мм шаардык суу түтүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Бишкек мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты өчүрүү мезгилине ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий