• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

29-апрелден тартып жол эрежесин бузгандардын унаалары мажбурлап эвакуацияланат - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 29-апрелинен тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузуучулардын унааларын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдү бекитүү чарасы колдонулат. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошону менен бирге ИИМ дөңгөлөктөрдүн бекткичтерин өз алдынча алып салуу жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо 7.21 “Эвакуатор” жол белгиси менен катар 3.27-3.30, 5.12-5.14. белгилери орнотулган жерлерде колдонулат.

Мажбурлап эвакуацияланган унаалар атайын унаа токтотуучу жайга токтотулат. Унааларды эвакуациялоо жана атайын жайда сактоо акысы бар. Аны унаа каражаттарынын ээлери белгиленген баада төлөшөт. Ошол эле учурда алгачкы 3 саат акысыз болуп эсептелет. Унаа каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу “102” телефонуна чалып билүүгө болот.

КР ИИМ жол кыймылынын катышуучуларын терс кесепеттерден тышкары болуу максатында КР жол кыймылынын эрежелерин кынтыксыз сактоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий