• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

27 жаштагы балбан Амантур Исмаиловдун өмүр баяны

Спорт 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Париж Олимпиадасында Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмакта Амантур Исмаилов күч сынашат. Дүйнө биринчилигинин, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси 27 жаштагы балбан тууралуу кыскача маалыматтардын топтому сунушталат.

Өмүр баяны: Амантур Исмаилов 1997-жылы 27-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.

Билими: 2004-жылы Жалал-Абад шаарындагы №18 мектепке кирген. 7-классты аяктаганда Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайга тапшырган. 2015-жылы аталган окуу жайды аяктап, бир жылдан кийин Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясына машыктыруучу адистигине тапшырган. Учурда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.

Үй-бүлөсү: Амантурдун атасы Туратбек уулунун чоң спорттогу жетишкендиктерине шык берген. Апасы – Мээрим, учурда Жалал-Абад шаарында суу адистиги боюнча эмгектенет. Амантур Исмаилов төрт бир тууган. Агасы Артур жана инилери Марлен жана Эрлан.

Жетишкендиктери:
• Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2017-жыл);
• Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону (2018-жыл);
• Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (Индонезия, 2018-жыл);
• Кыргызстандын чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2019-жыл);
• Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында коло байге (Монголия, Улан Батор, 2019-жыл);
• Эл аралык Балавадзе жана Картозия турниринин күмүш байгесинин ээси (Грузия, Тбилиси шаары, 2019-жыл);
• Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатынын күмүш медалы (2021-жыл);
• Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Казакстан, Алматы шаары, 2021-жыл);
• Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде 3-орун (2021-жыл);
• V Ислам шериктештик оюндарынын күмүш байгесинин ээси (Түркия, Конья шаары, 2021-жыл)
• Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (Сербия, Белград шаары. 2022-жыл).

Пикир

Оставить комментарий