• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте бильярд боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда бильярд боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 108 спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Шаяхматов жана бильярд федерациясынын вице-президенти Каныбек Сагынбаев катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр 21-26-февраль күндөрү "Газпром балдарга ден-соолукту чыңдоо борборунда" өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий