28-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7...+12, Талас облусунда +5...+10 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл облусунда +4...+9 градус жылуу болсо, ал эми Нарын облусунда -1...+4 градуска чейин жылыйт. Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска жетери болжолдонду.

Пикир

Оставить комментарий