• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жакынкы күндөрү жогорку билим берүү тармагын реформалоо боюнча кеңешме өтөт

Билим 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Жакынкы күндөрү жогорку билим берүү тармагын реформалоо, ЖОЖдордо менеджментти өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер боюнча кеңешме өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымына караганда, өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар күздө жыйынтыктарды берип башташы керек.

"Азыр өзгөчө макам алган окуу жайларга талап катуу. Бирок аткарылып жаткан иштерге бир жыл өтмөйүнчө баа берүү кыйын. Анткени азыр силерде кайра түзүү, уюштуруу иштери жүрүп жатат. Бирок силер башталган иштин аягына чыгарышыңар керек. Күздө беш университет боюнча рейтинг кылабыз”, - деди Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий