28 күндөн кийин Парижде Олимпиада оюндары башталат

Спорт 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Парижде өтө турган Жайкы Олимпиаданын башталышын утурлай артка санак уланууда. 28 күндөн кийин ири мелдешке старт берилет.

Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августта чейин созулат. Анда спорттун 32 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыл чайнашкан беттештерге дүйнөнүн булуң-бурчунан мыктылардын мыктылары өз өлкөсүнүн намысын коргоого барышат.

Кыргызстандан Париж олимпиадасына 15 спортчу катышат.

Белгилей кетсек, Париж тарыхында Олимпиаданы үчүнчү ирет өткөрүүгө камынып жатат. Буга чейин Франциянын борборунда Жайкы оюндар 1900-жылы жана 1924-жылы азыркы оюндарга туура жүз жыл калганда өткөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий