Футбол: «Реал» жайында Азар менен Манени сатып алуу аракетин көрөт

Спорт 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Мадриддик "Реал" быйыл жайында "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азар менен "Ливерпулдун" чабуулчусу Садьо Манени сатып алуу аракетин көрөт.

France Football'дун маалыматы боюнча, "Реал" жайында Манени сатып алуу боюнча маселеге кайрылып, футболчуну өзүнүн катарына кошууга аракет кылат.

Буга чейин клубка кайтып келген машыктыруучу Зинедин Зидан Сенегалдык чабуулчуну алууга кызыкдар экенин жана клубдун жетекчилигинин алдындагы негизги талаптардын бири экени айтылган.

Ошондой эле, Эден Азар дагы жайында "Реалга" өтүп калышы мүмкүн. Бельгиялык футболчу бир нече жолу "королдук клубка" өтүүгө даяр экенин билдирген. Быйыл Азардын тилеги орундалып калышы ыктымал.

Испаниялык As басылмасынын маалыматына таянсак, "Челси" Азарды 100-120 миллион долларга сатууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий