• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын жаштар арасындагы курамасы дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир медаль жеңип алды.

Турнир кечээ күнү Тайбэе шарында башталган. Ошол эле учурда кадеттер арасында да турнир болуп өткөн.

Жаштар арасында биринчиликте Кубанычбек Айбек уулу 60 кг чейинки салмак ченинде Кувейт, Казакстан жана Тажикстандан келген спортчуларды жеңип, чечүүчү беттеште Япониядан келген спортчуга жеңилип күмүш байгеге илинген.

Тайбэй шаарында 27-28-июль күндөрү өткөн кадеттер арасындагы турнирде кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль утушкан.

Пикир

Оставить комментарий