• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты (U-20): Нуристан Сүйөркулов коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Нуристан Сүйөркулов Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкнедей, спортчу 55 кг чейинки салмакта катышып, алгач 1/8 финалдык беттешинде Армениялык балбанды 4:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде индиянын балбанын 7:6 эсебинде жеңип, 1/2 финалдык беттеште казакстандык балбанга жеңилип калган болчу.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште түркиялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип алды

Пикир

Оставить комментарий