• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы Калил Назаров көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Калил Назаров көчөсүнө темир-бетон арык куурларын жаткырылып, асфальт төшөө иши башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти

Маалыматка ылайык, аталган жолдун узундугу 450 метрди түзөт жана көчө 9 метрден 19 метрге кеңейтилип, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлүүдө.

Мындан тшкары, жолдун бир тарабына веложолу менен кеңдиги 3,5 метрди түзгөн тротуар, экинчи тарабына кеңдиги 2 метр тротуар курулат. Ошондой эле жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары шаардан "Жалал-Абад" санаториясына чейин веложол курулат.

Пикир

Оставить комментарий