29-майга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 29-майга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас облусунда +18…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл облусунда +13…+18, Нарын облусунда +14…+19 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +21…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Сүрөт Исхак Туратбековдуку

Пикир

Оставить комментарий