Билим берүү министрлиги 80 миң мугалимди ноутбук менен камсыздоону пландоодо

Билим 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги "Алтын Казык" билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында 80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылууну пландаштырууда.

Министрлик ташып келүүчүлөрдү жана өндүрүш заводдорун көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөрү бар ноутбуктардын бааларына мониторинг жасоо үчүн коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, коммерциялык сунуштар 7-июнга чейин саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилиши керек.

Толук маалыматты шилтемеден кирип алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий