• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министрлигинде эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучулар сыйланды

Билим 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда билим берүү жана илим министринин биринчи орус басары Бекжан Супаналиев Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим (мультипредметтик) олимпиадасында 22 медаль жеңген окуучуларга министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ведомстводон билдиршкендей, министрдин биринчи орун басары окуучуларды ийгилиги менен куттуктап, алардын ар бир жетишкендиги министрлик үчүн чоң мааниге ээ экендигин билдирди.

29-октябрдан 5-ноябрга чейин Анталия шаарында өткөн эл аралык олимпиадада окуучулар химия, биология, математика, англис, түрк жана орус тилдери, ошондой эле көркөм сүрөт өнөрү боюнча 6 алтын медаль, 9 күмүш медаль, 7 коло медаль жеңип алышкан.

Бул олимпиадага 16 өлкөдөн миңден ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин жана “Илим-Нур” окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышып келди.

"Креатив-Таалим" билим берүү комплексинен: Мелисов Нурсултан, Төрөбаев Эрбол, Курбаналиева Фирдаусий, Арстанбекова Нурсулуу, Абдырахманов Осмон.

"Илим-Нур" окуу-тарбия комплексинен: Абылкасымова Арууке, Курбанбек кызы Асель, Нусуретова Радия, Турусбекова Арууке, Тыныбеков Имран.

Пикир

Оставить комментарий