3-4-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. 3-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 4-мартта кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо автожолдор тоңголок, тайгак болот.

Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10, Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +5...+10.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз+6...+11.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +3...+8.

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкек шаарында 3-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, ал эми 4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3...+5, күндүз +8...+10.

Ош шаарында дагы мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн +4...+6, күндүз +8...+10.

Пикир

Оставить комментарий