• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

3-7-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Эртең, 3-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

3-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

4-6-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана толуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий