• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Нурдин Шаршенов табылды. Ал жайлоодо чабан болуп иштеп жүргөн

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Шаршенов Нурдин Сандалбековович табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нурдин Шаршенов аман-эсен табылды. Учурда ал туугандарына өткөрүп берилди.

Белгилүү болгондой, ал жайлоодо чабан болуп иштеп жүргөн.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция Шаршеновго издөө салган. Туугандарынын айтымында, ал 31-мартта үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

Пикир

Оставить комментарий