• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Иттерге дегельминтизация жүргүзүү иши аяктады

Коом 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Иттерге дегельминтизация жүргүзүүнүн 2017-жылдагы биринчи кварталы өз ишин аяктады. Республика боюнча жалпы 389 миң үй иттери бар. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дарылар Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдында ишке ашырылып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун алкагында алынып, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүлүп берилет. Ал эми Мамлекеттик ветинспекция дарыларды райондук башкармалыктарга жеткирип, жеке ветеринарларга таратат.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун алкагында 2017-жылга 2 миллион Азинокс таблеткасы жалпысына 55 миң АКШ долларына сатылып алынган.

Бишкек шаарынын ветеринардык инспекциясына караштуу малдардын ден-соолугун көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысы Жамалбек Чынкожоевдин айтымында, дегельминтизация жүргүзүү иштери боюнча шаардын төрт районунда жалпы 27 жеке ветеринар иштейт. “Ветеринардык адистердин жетишпегенине карабай адистерибиз бардык үй иттерине дегельминтизация ишин жүргүзүүгө аракет кылышты”, - дейт ал.

Эхинококкоз адам үчүн өтө коркунучтуу, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөлөрдү бузат, эхинококкоз киста түрүндө пайда болот, ал хирургиялык жол менен гана алынат. Оору негизинен иттерден жана мышыктардан жугат. Акыркы он жыл ичинде оорунун өсүшү байкалды, бирок, өткөн жылы КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1134дөн 972 адамга чейин кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий