• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. “Манас" эл аралык аэропортунда туман тараганына байланыштуу каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү жандандырылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда “Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат.

Аба каттамдары боюнча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот: “Манас” - 0 312 693109, “Ош” - 0 3222 90101.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-декабрынан 29-декабрынав караган түнү “Манас” эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдардын конушу жана учуусу кармалган.

Пикир

Оставить комментарий