3-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 3-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +33...+38, Талас облусунда +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл облусунда +26...+31, Нарын облусунда +27...+32 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +36...+38 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий