• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

11-сентябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-сентябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22...+27 градус, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында +35...+37 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий