• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык 3 наристе Москвадан мекенине кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 3 кенже кыргызстандыкты Москвадан мекенине кайтарышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, балдар Москвадан кайтарылып, республиканын ымыркайлар үйүнө жайгаштырылды.

Учурда КР ЭСӨМ тутумунун кызматкерлери балдарды үй-бүлөлөрүнө берүү иштерин жүргүзүшүүдө. Эгерде үй-бүлөлөрү табылбаса же баладан баш тартса, асырап алуучуларды издөө жүрөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, энелеринин балдардан баш тартып, аларды республиканын аймагынан тышкары таштап кетүүлөрүнө туруктуу жашаган жерлеринин, туруктуу иш орундарынын жоктугу, расмий катталбаган нике, каалоосуз бойго бүтүү себеп болгон. Ошол эле учурда балдардын бири төрөлгөндө анын ата-энесинин бири КР жараны, экинчиси белгисиз болгон. Бирок, КР мыйзамына ылайык, туулган жерине карабастан ымыркай Кыргызстандын жараны болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий