Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу таштандыдан тазаланып, жолдун тайгак тилкелерине инерттик материалдар чачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолчулар аталган трассанын 37-80-чакырым аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.
Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий