• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын 130га жакын айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу "Кыргызтелекомдун" басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады.

"Бүгүнкү күндө "Кыргызтелеком" ААК негизги подрядчы катары 128 айыл округун оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даярдады, анын ичинде алыскы аймактар да бар", - деп айтылат маалыматта.

Digital CASA долбоору аймактагы кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган жана азыртадан эле оң натыйжаларды көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий