3 жылда салыктык кирешелер дээрлик эки эсеге өстү – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. 2021-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта салыктык кирешелер дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы үч жылдагы санариптештирүү, фискалдаштыруу жана бажы-салыктык реформалар сыяктуу жаңы демилгелер салыктык-бюджеттик саясаттын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизди. Натыйжада бюджетке түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү байкалууда.

“Бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүүсү жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу саясатын ишке ашыруу үчүн негиз болуп берди. Бул багытта 2022-жылы бюджеттик чөйрөдө эмгек акынын өлчөмү масштабдуу көбөйтүлдү, пенсиялар менен жөлөкпулдар сезилерлик жогорулатылды. Мындан тышкары, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын көлөмү өстү”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий