Эртеңден тарта Бишкектеги автобус жана троллейбустарда кондукторлор иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Эртең, 30-январдан тарта Бишкектеги автобус жана троллейбустарда кондукторлор иштей баштайт. Бул тууралуу “Спутник Кыргызстан” радиосунун эфиринде Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, алар бүгүн инструктаж өтүп, эртеңден тарта милдеттерин аткарууга даяр. Ошону менен бирге ар бир кондуктор бир автобус же троллейбуска бектилип берилбейт. Алар аялдамаларда тандаган автобус же троллейбуска кирип, жүргүнчүнүн жол кире үчүн накталай эмес төлөмү өткөн-өтпөгөнүн текшерет.

Вице-мэр белгилегендей, кимде-ким жол кирени накталай төлөгөн болсо, айдоочудан билет талап кылуусу зарыл. Билеттер басып чыгарылып, айдоочуларга таратылды. Жүргүнчүдө билет жок болсо, кондуктор андан жол кирени кайра төлөөнү же жакынкы аялдамадан түшүп калууну талап кылат.

Эгерде айдоочу билет бербесе, айдоочунун кабинкасынын арты жагында көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу арыздануу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий