Бишкек, 30.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 30-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз аба ырайы өзгөрүп турат, тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Талас облусунда +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл, Нарын облустарында +25…+30 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +35…+37 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий