"Ала-Тоо симфониясы" жайкы чыгармачыл мектеби өз ишин жыйынтыктады

Маданият 0

Бишкек, 30.07.23. /Кабар/. Күн мурун, 29-июлда "Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби салтанаттуу жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган окутуучулар, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев жана шаар тургундары жана эс алуучулар катышты.

Салтанаттуу жабылыш аземде министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев атына заты жарашкан Ала-Тоо койнунда өтүп жаткан "Ала Тоо симфониясы" жайкы чыгармачылык мектеп классикалык музыка аткаруучулар жана аспапчылардын башын бириктирген уникалдуу долбоор болуп негизделгенин, аны ишке ашырууда көрүлгөн мыкты иш аракеттерге токтолду.

Ошондой эл ал, Кыргызстандын окуу жайларында эмгектенип жаткан окутуучулар жана билим алып жаткан студент-окуучулар Россиянын музыка академиясынын алдыңкы окутуучуларынан сабак алууга мүмкүнчүлүк түзгөн Гнесин атындагы Россиянын музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган окутуучулар курамына ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүн жыйынтыктап жатып Кайрат Иманалиев долбоордун өз сапары байсалдуу болуусун, мамлекет тарабынан ар дайым колдоого алынарын белгилеп, бир апта боюу өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшкөн Гнесин атындагы Россиянын музыка академиясынын окутуучуларына Маданият министрлигинин ыраазычылык катын тапшырды.

Андан соң, салтанаттуу иш чара атайын даярдалган гала концерт менен уланып, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Эске салсак, "Ала- Тоо симфониясы" жайкы мектеби 23-29- июлга чейин “Алтын балалык” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүп, ага катышкандар фортепиано, скрипка, кларнет, жеке ырдоо, хор менен ырдоо адистиктери боюнча Россия музыка академиясынын окутуучуларынын лекцияларына жана мастер класстарына катышты.

Долбоор К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы менен Гнесин атындагы Россиянын музыка академиясы ортосундагы макулдашуунун чегинде ишке ашырылып, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова тарабынан колдоого алынган.

Бир жумага созулган долбоордун алкагында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет тетарынын солисттери балет труппасы активдүү катышып, долбоорго өзгөчө салым кошту.

Пикир

Оставить комментарий