• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Ысык-Көлдөгү эң кооз жерлердин сүрөт көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 28-февралда «Асман менен Ысык-Көлдүн ортосу: Кыргызстанга 100 көз ирмем» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу музейден билдиришти.

Аталган көргөзмөнүн сүрөттөрү Москва, Калининград жана Тверь шаарларындагы ири галереяларында көргөзмөгө коюлган жана көптөгөн өлкөлөрдү Кыргызстандын уникалдуу табияты менен тааныштырууда маанилүү кадам болгон.

Сүрөттөр 2017-жылдан тартып 2023-жылга чейин Ысык-Көлдү комплекстүү изилдөө долбоорунун алкагында Кыргызстандын жаратылышынын эң кооз жерлери боюнча масштабдуу фотоэкспедиция учурунда тартылган.

Сүрөттөрдүн авторлору:

  • Михаил Владимирович Флинт – биология илимдеринин доктору, россиянын алдынкы окумуштуу-биоокеанологу, Россия илимдер академиясынын академиги, саякатчы жана долбоордун автору. Жалпысынан 45тен ашык деңиз жана кургактагы экспедициялардын катышуучусу жана уюштуруучусу. Москва, Тверь, Калининграда жана Архангельсктин галереяларында жана музейлеринде өткөн 14 жеке көргөзмөнүн автору.
  • Владимир Онопко – сүрөтчү, заманбап фото жабдуулар тармагынын техникалык адиси жана консультанты, Орус географиялык коомдун мүчөсү. Экспедициялардын катышуучусу жана 10 жеке фотокөргөзмөлөрдүн автору.

Сүрөт көргөзмөсү 16-мартка чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий