• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды.

КФСтен билдиришкендей, бүгүн, 27-февралда жыйында Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Аткаруу комитетинин кароосуна Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин талапкерлигин сунуштады, анын талапкерлиги комитет мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылды.

Медербек Сыдыков жаңы кызматка бүгүн, 27-февралдан тарта киришет.

Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий