• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

30-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Талас облусунда +6…+11, Нарын облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл жеринде +5…+10 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +10…+12 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий