354 ишкана ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 354 ишкана Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, чет өлкөлөрдүн реестрине төмөнкүлөр кирет:

- Кытай - 11 балчылык жана 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар.

- Бириккен Араб Эмираттары - 2 мал союучу жай.

- Өзбекстан - 39 ишкана.

Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдөр тарабынан 2023-жылы КР Экономика жана коммерция министрлиги менен 3 миң 228 пландык жана плансыз текшерүүлөр макулдашылган, анын ичинен 2 миң 670и текшерилип, 786 көрсөтмө берилип, 1 млн 504 миң 500 сом айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий