• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан тестиердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкектин Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Куткаруучулар аутизм менен жабыркаган тестиердин сөөгүн бүгүн болжол менен саат 15:57де таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, бала 14-январда дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө жалпы 17 куткаруучу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий