• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто унаа жуучу жайлардан акча уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Ошто "Өзүң жуу" унаа жуучу жайларынан уурулук жасаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда айдоочулар тарабынан өздөрү жууган унаа жуучу жайлардын акча салуучу аппаратын талкалап, акчаларды уурдап жүргөн жарандар кармалышты. Бул кылмыштуу топ 2023-жылдан бери 5 ирет ушундай жайларда уурулук жасагандыгы үчүн изделип жаткан. Кармалгандар:

1. 1997-жылы туулган И.К., Ош шаарында туулган, мурда соттолгон эмес;

2. 1993-жылы туулган Ш.Б., Ош шаарында туулган, мурда соттолгон эмес;

3. 1998-жылы туулган И.М., Ош шаарында туулган, кылмыштуу топтун уюштуруучусу. ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Мурда 3 жолу соттолгон.

Учурда кылмыштуу топ кылмыш жасоо учурунда пайдаланган далил буюмдары жана кылмыштуу аракеттеринде пайдаланып жүргөн “Хонда-Фит” үлгүсүндогү автоунаа алынды.

Бул кылмыштуу топтун Ош жана Баткен облустарында дагы ушундай кылмыш иштерин жасап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынып, текшерилүүдө.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий