4 айда Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 5,2 млрд долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-апрелинде Кыргызстандын тышкы жана ички соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 5,2 млрд долларга жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, мындай көрсөткүч 2023-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 27,7%га көп, ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 19,7%га, импорттук түшүүлөр - 29,2%га өскөн.

Ал эми ушул эле аралыкта Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1,4 млрд долларге жетип, бул 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,5%га өскөн.

Мында Кыргызстандын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга - 73,7%га жана Казакстанга - 24,3%га туура келген.

Пикир

Оставить комментарий