4-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25...+30, Талас облусунда +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарында +19...+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +28...+30 градуска жетери күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий