• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек шаарында жаш мугалимдер үчүн форум өттү

Коом 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Бишкек шаарында жаш мугалимдер үчүн форум өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чара жаш мугалимдер туш болгон конкреттүү көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү максатында уюштурулган.

Форумдун жүрүшүндө билим берүүдөгү негизги тенденциялар, окутуунун ыкмасы жана инновациялары, долбоордук иштер талкууланды.

Белгилей кетсек, педагог беш жылдык стажга ээ болгонго чейин жаш кадр болуп эсептелет. Борбор калаанын муниципалдык мектептеринде 1301 жаш мугалим эмгектенет.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти "Кыргызстан Маариф" коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий