• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министрлигине 2024-жылдын I кварталында 3 миңден ашык кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2024-жылдын биринчи кварталда жазуу жүзүндө жана жеке жолугушуулар аркылуу 3 миң 79 кайрылуу келип түшкөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 371 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, алардын дээрлик 85% өз убагында аткарылган.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоо, балдардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын иши, эмгекти коргоо, иш менен камсыз кылуу маселелерине тиешелүү болду.

Кайрылуулардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундарынан түшкөн. Андан кийин Нарын, Ысык – Көл, Талас жана Баткен облустары турат.

Ведомство өзүнүн компетенциясына кирген бардык суроолор боюнча онлайн, 0312 66-01-07 номериндеги Коомдук кабылдама аркылуу же жетекчиликтин жеке кабылдамалары аркылуу кайрылууга болорун эскертти.

Белгиленгендей, эмгек министри Гүлнара Баатырова ар жума күнү саат 09:00 дөн 11:00 гө чейин, министрдин орун басарлары иш күндөрү саат 09:00 дөн 12:00 гө чейин алдын ала жазылуу боюнча кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий