Бишкек, 3-март /Кабар/. Эртең, 4-мартта Ош шаарында газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром кыргызстан” ЖЧКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Белгиленгендей, газ түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Ош шаарына саат 10:00дон 16:00го газ берилбейт.
Оңдоо иштери коопсуздукту жана жабдыктардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий