• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

4-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. 31-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда күндүз жана 1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

3-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий